Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Украина: Крым менен чектеш аймактарда көзөмөл күчөтүлдү

Украинанын чек арачылары Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралы менен чектеш өткөрмө пунктарында көзөмөлдү күчөтүп, аскерлердин санын көбөйттү. Мындай чара Украинанын Жогорку Радасына депутаттарды шайлоого байланыштуу кабыл алынган.


Маалыматка караганда, жарандардын паспортун текшерүү үчүн «Каланчак» жана «Чаплинка» чек ара бекеттерине көчүп жүрүүчү кошумча комплекстер келди. Чек арачылар азырынча эч кандай мыйзам бузуулар жана Украинадагы шайлоого байланыштуу элдин агымы көбөйгөнү байкалбаганын билдиришти.




21-июлда Украинанын Жогорку Радасына депутаттарды мөөнөтүнөн эрте шайлоо өтүүдө. Ага 20дан ашык партия катышып жатат. Крым жана Донбасс украин бийлигинин көзөмөлүндө эместигине байланыштуу ал аймактарда добуш берүү болгон жок.


Орусия Крымды 2014-жылы украин мыйзамдарына каршы өткөн референдум аркылуу аннексиялап алган. Ошондон кийин жарым аралды орусиялык аскерлер көзөмөлгө алган. Батыш мамлекеттери муну эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу деп эсептейт.


Украинанын Луганск жана Донецк аймактары да Орусия колдогон жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн. Өздөрүн «Луганск жана Донецк элдик жумурияттары» деп атап алган аймактардын эгемендигин дүйнө өлкөлөрү тааныган эмес. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus