Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Шамил Атахановду үй камагында кармоо мөөнөтү узартылды (видео)

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу үй камагына алынган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун үй камагындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Атаханов Бишкектин Биринчи май райондук сотунан чыгып бараткан учурда журналисттерге билдирди.







Бирок Биринчи май райондук соту бул кабарды ырастай элек. 


Ал судья үй камагын канча убакытка узартканын так айткан жок. Атахановду бир нече укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп кирип, алып чыгып кетишти.


Маалыматка ылайык, Шамил Атаханов кылмыш ишинин алкагында 7-июнда Бишкектеги №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргенден кийин ал ошол жерден үй камагына чыгарылган. 


“Мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган учурда коопсуздук боюнча вице-премьер-министр болуп иштеп турган Шамил Атаханов 21-майда кармалып, 26-июнга чейин тергөө абагына камалган.


Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Буга байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана аткаминерлер кармалды.


7-июнда Жогорку Кеңештин депутаты, Батукаев бошотулганда Жаза аткаруу кызматын жетектеп турган Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигинде сурак берип жаткан кезде өзүн жаман сезип, ооруканага түшкөнү белгилүү болду. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus