"Онкологияда көйгөй көп, эл сыртка кетүүдө". Министрдин сыны, адистердин жообу
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов атайын коллегияда Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилигинин ишин сынга алды. Министр Кыргызстан өсмө ооруларын дарылоодо артта калып жатканын, мындан улам кыргыз жарандары чет өлкөгө барууга аргасыз экенин айтты.