Сурдлимпиада: Смадияр Жумакадыров алтын медал тагынды
Жапониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында 22-ноябрда грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргыз балбандары бир алтын, эки коло байгеге ээ болушту. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдагандай, 60 килограммга чейинки салмакта Смадияр Жумакадыров алтын медал тагынды. Ал чейрек финалда казакстандык Ердаулет Жолдыканды 9:0 эсебинде, жарым финалда ирандык Абдулвафаи Сайедсадени 8:1 эсебинде утту. Финалда түркиялык Айдын Сонелди далысын килемге басып, чемпион болду. Читать дальше...