Париждеги Лувр музейинен баалуу экспонаттар уурдалды
Париждеги Лувр музейинен баалуу экспонаттар уурдалды. Бул тууралуу Франциянын маданият министри Рашида Дати кабарлады. Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча 19-октябрда эртең менен белгисиз адамдар музейге кирип, тогуз баалуу буюмду уурдап кеткен. Le Parisien басылмасынын жазышынча, үч адам музейдин оңдолуп жаткан бөлүгүнөн жүк ташуучу лифт менен чыгып, терезесин талкалап, андан соң экспонаттарды алып изин жашырган. Уурдалган буюмдардын арасында француз императору Напелондун коллекциясындагы кымбат баалуу зер буюмдар болгон. Читать дальше...