Тажикстан АКШнын Иранга жасалган аба соккуларын айыптады
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Ирандын үч өзөктүк объектисине жасаган аба чабуулун "катуу айыптады". Бул тууралуу мекеме 22-июнь күнү кечинде жарыялаган расмий билдирүүсүндө айтылат. "Чыр-чатактын күчөшү узак мөөнөттүү согушка алып келиши мүмкүн. Анын чөлкөм жана дүйнө үчүн кооптуу кесепеттери болот", - деп айтылат билдирүүдө. Тажикстан Бириккен Улуттар Уюмун, Эл аралык атомдук энергия агенттигин (МАГАТЭ) жана башка эл аралык уюмдарды тез арада чара көрүүгө чакырып, "экологиялык кырсыктарды алдын алуу... Читать дальше...