14-июнда Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна Сауд Арабиясынан ажылык сапардан кайтып келгендердин экинчи тобу келип түштү. Алар Медина-Бишкек багыты боюнча учуп келишкен.
Ажыларды муфтий Абдулазиз кары Закиров тосуп алганын Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдады. Маалыматка ылайык, ажыдан келгендерди тосуп алууга Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир Ракиев, диний кызматкерлер жана ажылардын жакындары катышты. Читать дальше...