Ош шаарынын мурдагы казысы кайрадан камалганы кабарланды
Ош облустук сотунун 29-майдагы чечими менен Ош шаарынын мурдагы казысы Мирланбек Токтомушев кайрадан тергөө абагына камалды. Бул тууралуу облустук сот 2-июнда тараткан маалыматта айтылат. Маалыматта Токтомушев 18-июнга чейин УКМКнын Оштогу башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалары белгиленген. Облустук соттун басма сөз кызматы шаардык соттун буга чейинки токтому жокко чыгарылганын билдирди. Буга атайын кызматтын тергөөчүсүнүн өтүнүчү себеп болгон. Ош шаарынын буга чейинки казысы Мирланбек Токтомушев кармалганы 23-майда ырасталган. Читать дальше...