Кыргызстанда инфляция деңгээли өсүүдө
Кыргызстанда инфляциянын жүрүшү ылдамдады. Улуттук банктын май айындагы маалыматын карасак, инфляциянын деңгээли 7,1% болуп турат. Апрель айында анын көрсөткүчү 6,9% болчу. 2024-жылдын май айында инфляция 5,2% түзүп турган. Бул 2023-жылдын декабрынан (7,3%) берки эң жогорку көрсөткүч болууда. Trading Economics аналитикалык ресурсу жазгандай, Кыргызстандагы инфляциянын ылдамдашына турак жай менен коммуналдык кызматтарга (10,8%) жана тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктарга (8,5%) баанын өсүшү түрткү берүүдө. Читать дальше...