"Кемпир-Абад" иши: Илгиз Шаменовдун ишин шаардык сот өзүнчө карайт
Бишкек шаардык соту "Кемпир-Абад" ишинде активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулунун) делосун ал "катуу ооруп жатканына байланыштуу" деген негизде өзүнчө карамай болду. Бул тууралуу "кемпирабадчылардын" бири, экс-депутат, саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды. Шаменов менен анын адвокаты бул тууралуу азырынча комментарий бере элек. Равшан Жээнбеков 23-майдагы процессте шаардык соттун судьясы Адис Момуналиевге "ишенбестик" көрсөтүшкөнүн, бул өтүнүч четке кагылганын билдирди. Читать дальше...