Чүй облусунда 15-майга карата 1820 гектар аянтта текшерүү жүргүзүлүп, анын басымдуу бөлүгүн (1236 гектар) чегиртке каптаганы белгилүү болду жана анын 480 гектарына дары себилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги кабарлады. Аталган мекеме Чүйдөгү башка райондордо дагы мониторинг башталганын маалымдады.
"13-майда Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн тургундары чегирткелер көбөйгөнү тууралуу билдирүү беришкен. Анын негизинде 14-майда адистер жеринен кырдаалды баалап, дароо химиялык дарылоо башталды. Читать дальше...