Хабибула Абдукадыр журналист Болот Темировду жана Kloop басылмасын сотко берди
Хабибула Абдукадыр иликтөөчү журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн Бишкектин Октябрь райондук сотуна арыз жазган. Бул тууралуу Болот Темиров "Азаттыкка" өзү ырастады. Журналист сотко арыз 15-апрелде түшкөнүн, бул тууралуу ал бүгүн гана кабардар болгонун айтты. Темиров арызды анын адвокаттары карап жатканын кошумчалады. "Сөз Бишкектеги "Мадина" базарынын айланасы боюнча биздин биргелешип даярдаган иликтөө боюнча болуп жатат. Хабибула Абдукадыр андагы маалыматтарды төгүндөп, соттук чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылууда"... Читать дальше...