Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мамат Орозбаев каза болду
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Мамат Орозбаев 7-январда 79 жашында каза болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мамат Орозбаев 1946-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган. 1971-жылы Самарканд кооперативдик институтун аяктап, Жалал-Абад кооперативдик техникумунда окутуучу катары ишин баштаган. 1975-1979-жылдары Кара-Суу район аралык базасында, 1979-1984-жылдары Жалал-Абад универсалдык соода базасында директор болуп эмгектенген. Читать дальше...