Кулматов тинтүүнү "психологиялык басым" деп сыпаттады (видео)
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов журналисттер менен сүйлөшүп жатып, анын үйүндөгү тинтүү эреже менен жүргөнүн, бирок өзү мындай аракетти "психологиялык басым" катары кабыл алганын айтты. - Тинтүү жагымсыз көрүнүш. Бирок ал өз ирети менен жүргүзүлдү. Менин үйүмдөн эч нерсе табышкан жок. Үйдө балам, аялым бар болчу. Кошуналарды чакырышты. Муну мен психологиялык кысым деп кабыл алдым. Мени бир эле иш боюнча суракка алышууда. Бирок мага тагылган айып күлкүлүү. Себеби айып таккан соң, кандай зыян келтирилгенин кошо айтыш керек. Читать дальше...