Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Балдарды тарбиялоого арналган бестселлер китептер кыргызчага которулду

Бүгүн, 21-майда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада британиялык атактуу эксперт Кен Робинсондун «Баланын жөндөмүн өнүктүргөн чыгармачыл мектептер» жана Американын психологдор ассоциациясы даярдаган «Кенже курактан баштап мектеп курагындагы чыгармачыл, таланттуу  балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип» аттуу китептердин бет ачаары болду.


Балдарды тарбиялоого арналган бестселлер китептер «Кереге» фондунун демилгеси менен кыргызчаланган. 


Билим берүү боюнча атактуу эксперт Кен Робинсондун «Баланын жөндөмүн өнүктүргөн чыгармачыл мектептер» (Creative Schools: The Grassroots Revolution That's Transforming Education) аттуу китеби буга чейин англис тилинен 15 тилге которулган.


Китеп ата-энелерге, мугалимдерге, мектеп директорлоруна, коомдук ишмерлерге жана саясатчыларга арналат. Кыргыз тилине аларды Бакытбек Абдуллаев жана Кутманбек Мазарипов которуп, «Глобал принт» басмаканасынан чыкты.


Аталган китепте автор индустриалдык доордун өндүрүмү эскилиги жеткенин, бүгүнкү билим берүү системасын замандын талабына жараша өзгөртүүгө убакыт келгенин жана аны ишке ашырууга болорун белгилейт.


Америкалык психологдор ассоциациясынын «Чыгармачыл, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип» аттуу эмгеги кыргыз балдарынын дараметин ачып, туура багыттоо менен өлкөнүн өнүгүшүнө жана элдин бакубат жашоосуна салым кошуу максатында жазылган. Бул китеп да англис тилинен мурда 11 тилге которулган. Кыргызчага Элмира Абжапарова жана Бакытбек Абдуллаев которушту.


Редактору Асылбек Жоодонбеков, рецензиялагандар Тууганбай Коңурбаев жана Гүлайым Жумабаева. (ZA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus