Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сот Атамбаевдин Исаковго каршы доо арызын расмий токтотту

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаевдин «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковго каршы доо арызы соттун чечими менен расмий токтоду.


Ишти 20-майда Ош шаардык соту карады. Бул тууралуу адвокат Мухаё Абдураупова билдирди.


7-майда Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаковго каршы доо арызын кайтарып алып, бул боюнча шаардык сотко өтүнүч берилгенин билдирген. Муну Атамбаев «ыйык Орозо айында кечирип, соттошпой» тургандыгы менен түшүндүргөн.


Абжапаровдун айтымында, Жалил Атамбаев журналисттен тышкары дагы эки ишкерге каршы доо арызын да кайтарып алган.


17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.


Бул окуядан кийин жалпы журналист коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналист Ыдырыс Исаковду коргоого чакырган. Маалымат өкүлдөрү президенттин билдирүүлөрүндө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, жемкорлукка барган адамдар коомчулук алдында ашкереленерин айткан убадасын эске салып, андан ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүшкөн. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus