Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Дин ишмерлеринин шайлоодо үгүт иштерине катышуусуна тыюу салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда талкуулайт.


Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Абдувахап Нурбаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, шайлоочулардын тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматынан Борбордук шайлоо кызматына өткөрүп берүү жөнүндө сунуш түшүп жатат. Мындан сырткары депутаттыкка талапкердин жогорку билими болушу керек.


- Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мектеп директоруна, оорукананын башкы дарыгерлерине уруксат берүү, «үч берене боюнча соттуулугу бүткөндөн кийин дагы 5,10, 15 жыл депутаттыкка, президенттикке талапкерлигин коё албайт» деген норма бар. Мындан сырткары «диний ишмер үгүткө катыша албайт» деген түшүнүк кирип жатат, - деди депутат. 


Учурда президенттин жумушчу тобунан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү төрт депутаттык топ көздөп жатат. Алардын айрымдары партиялардын шайлоодогу тогуз пайыздык чегин жети же беш пайызга чейин төмөндөтүүнү, шайлоочуларды 13 округга бөлүүнү, партия менен бирге талапкердин атын бюллетенге алып чыгууну сунуш кылышууда. 




Азыркы мыйзамга ылайык парламентке жалпы шайлоочулардын 9 пайыздан ашык добушун, ал эми ар бир аймакта 0,7 пайыздан көп добуш алган партиялар гана өтөт. Кыргызстанда 2018-жылга карата 225 саясий партия Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн.


2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөгөнү талкууга түшкөн. Муну жарандык активисттер динди саясий максатта колдонуу катары карап, Борбордук шайлоо комиссиясына арызданышкан. БШК Чубак ажы Жалиловго жана диний уюмдарга үгүт ишине аралашпоо боюнча эскертүү берген.


Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus