Азыркы муундун өкүлү катары өлкөбүздө, деги эле бүтүн дүйнөдө болуп жаткан адилетсиздиктерге күбө болуп, “эмне себептен дүйнөдө адилетсиздик, мыкаачылык көбөйүп кетти, мындай маселелердин келип чыгуусуна эмне себеп, жер жүзүнүн башаламандыкка батып жатканына ким күнөөлүү? Бизби, же бизден мурун жашап өткөн ата-бабаларыбызбы?” деп ойлоп калам.
Тарых китептерин барактап отуруп, ар бир доордо ушундай маселелер болгонун жана ошол маселелерди чечүү үчүн өз жанынан, кызыкчылыктарынан баш тартып, бүт өмүрүн адамдардын жакшы жашоосуна арнап жиберген азаматтарды да көрө алабыз. Бирок чоң бир океандагы башаламандыкты бир кичинекей балык токтото албайт тура! Ал үчүн башка балыктардын да колдоосу, күчү керек.
Жада калса океандагы балыктар да адамдар сыяктуу акыл-эсинин жоктугуна карабастан бири-бирин сактап калуу максатында торду үзүүгө аракет кылып, андан кутулушат (of animation Finding Nemo). Ал эми биз акыл-эстүү адам болсок да ошол балыктарча жокпуз. Демек биздин ушул күнгө чейин чече албаган эң чоң маселебиз - биримдигибиздин жоктугунда. Бай-кембагал, ак-кара, түндүк-түштүк ж.б. ушул сыяктуу болуп-болбогон себептерден улам бөлүнүп жашайбыз.
Бул дүйнөгө бардык эле инсандар эч нерсеси жок болуп келип, эч нерсеси жок өтүп кетет. Туура, кээ бир бөбөктөр төрөлгөндө эле миллионер болуп төрөлөт. Бирок бир наристенин бактылуу болушунда миллионер болуп-болбошу маанилүү эмес. Эң негизгиси ошол наристеге бул дүйнөнүн акча, алтындан башка баалуулуктарын, ата-эне, бир туугандык мээримди бере билүү.
Азыркы күндө миллионер болуп төрөлүп, өмүрү трагедия менен аяктаган инсандарды көрүп эле жатабыз. Бул дүйнөдө ар бир наристе өзүнүн расасына, динине, улутуна, тилине карабастан бактылуу болууга укуктуу. Бир бөбөк жаңы төрөлгөндө өзүнүн дининен, тилинен, улутунан кабары жок болот эмеспи. Ар бир адам бөбөк үчүн бирдей жана жагымдуу. Мисалы, мен көчөдө баратсам балдар мени күлүп карайт. Эгерде мен да ага күлүп койсом, күлкүсү дагы күч алат. Ал бала орус болобу, кыргыз болобу, өзбек болобу айырмасы жок.
Менимче бир инсандын өтө улутчул, башка улуттун, диндин өкүлдөрүнө карата душман болуп жетилүүсүнө ата-энеси жана айлана-чөйрөсүндөгү инсандар себеп болот. “Балапан уядан көргөнүн жасайт” демекчи, эгерде мен да мусулман эмес христиан же буддист үй-бүлөдө туулсам, менин диним да христиан же буддизм болмок. Бул деген сен башка диндин өкүлдөрүн сүйбөшүң керек, башка диндин өкүлдөрү менен дос болбошуң керек дегендик эмес го!
Ар бир диндин, улуттун, тилдин өкүлдөрү үчүн өзүнүн дини, тили, улуту жакшы. Ошондуктан баланы тарбиялоодо ага бул дүйнөдө бардык инсандар тең укуктуу экендигин, биз баарыбыз Жер эненин балдары экенибизди жана Жер планетасынын бардык жери адам баласынын ар бирине бирдей, ар бир инсан каалаган учурунда каалаган жерге барууга укуктуу экендигин түшүндүрүү, баланы бул дүйнөдө жашоодон тажаган инсан катары эмес, өзү жашап жаткан дүйнөнү, адамдарды, табиятты сүйүүчү инсан кылып тарбиялоо шарт.
Жер жүзүндөгү инсандардын баары бирдиктүү, ынтымактуу болуусу үчүн сөзсүз эле башка планетанын өкүлдөрү келип, жер жүзүн басып алууга аракет кылуусу, Жер шаарындагы адамдарга согуш жарыялоосу шарт эмес. Мисалы, тээ Голливуд фильмдеринде качан гана бүт жер жүзүнө тиешелүү, глобалдуу маселе пайда болгондо гана адамдар чогулуп, дин, улутуна, түсүнө карабай бири-бирин куткарууга аракет кыла башташат. Бирок башка планетанын өкүлдөрү бизди жок кылып кете электе эле бирге, тынчтыкта жашасак болбойбу? Баарыбыз чогуу ынтымакта жашообуз үчүн өз убагында аракет кылбасак кийин глобалдуу согуш же катастрофа болгондо кеч болуп калышы мүмкүн.
Ушул тапта дүйнөдө ар түрдүү жакшы да, жаман да окуялар болуп жатат. Мисалы, бир жерде бир бала тамактан баш тартып, ата-энесин кыйнап жатса, дүйнөнүн башка бир бурчунда башка наристе ачарчылыктын айынан бир сындырым нанга зар болуп ыйлап отурат.
Акыркы күндөрдө Африкадагы ата-энесиз, ачарчылыктын айынан териси сөөгүнө жармашып калган балдардын сүрөттөрүн тартып алып, ар жерде ар түрдүү жардам акцияларын өткөрүү күч алууда. Чогулган акча чындап эле Африкадагы ачка балдарга жетип жатабы, же бир алдамчынын кара курсагына түшүп жатабы - белгисиз. Ал Африкадагы балдар да экөөбүзгө окшоп өз үй-бүлөсү менен токчулукта, тынчтыкта жашагысы келет.
Азыркы ата-энелер өз балдарын тарбиялоо, убагында тамагын жеп, алып берген кийимине шүгүрчүлүк кылуусу үчүн чөнтөк телефондоруна же компьютерлерине Африкада кыйналып жаткан балдардын сүрөттөрүн өткөрүп алып (Кудайга шүгүр интернетте азыр андай сүрөттөр толуп кетти), балдары эркелегенде көрсөтүп, аларды өз ордуна коюп коюшат.
Кызык, Африкадагы ачка балдардын сүрөттөрү эмне үчүн тартылып, кандай максатта интернетке чыгып жатты болду экен? Алардын сүрөттөрүн көрсөтүп, кээ бир балдарга тарбия берүү үчүн гана элеби, же башка да максаттары бар болду бекен? Чындап эле алардын сүрөттөрүн көргөн колунда бар адамдар аларга жардам берип жатабы? Же бул сүрөттөр “Африкадагы ачарчылыктан өлүп бараткан кыздын жана анын артында өз олжосун күтүп турган кузгундун” сүрөтүн тарткан Кевин Картерге окшогон фотографтардын ар түрдүү сыйлыктарды алуусуна, шоу бизнес өкүлдөрүнүн бир африкалык ачка баланы кучактап сүрөткө түшүп, өздөрүн пиар кылуусуна жардам берип жатабы? Байкуш африкалык балдар! Өздөрү ачка өлүп жатканы аз келгенсип, кээ бир эки жүздүүлөрдүн куралына айланып жатышат. Бул адилетсиздик эмей эмне?
Жогорудагыдай аянычтуу окуя жана адилетсиздиктер өзүбүздүн өлкөбүздө да толуп жатат. Мектеп курагындагы балдар мектепке барып билим алгандын ордуна базарларда араба түртүп, таштандыдан бөтөлкө, катуу кагаз сыяктуу кайра иштетилүүчү нерселерди терип жүрүшөт. Алар бул ишти мектептен тажаганы үчүн эмес, кара курсактын айынан кылып жатпайбы. Эгерде өлкөбүздө өзүн гана ойлогон кээ бир маңкурт, уруулар болбогондо, өзүбүздүн кен байлыктарыбызды өзүбүз иштете алганда, ар түрдүү завод, фабрикалар иштеп турганда, иш орундары көбөйүп, айлык акылар да жогорулаганда, азыр башка өлкөлөрдө сөөгүнөн сыз өтүп, Кыргызстанды, үй-бүлөсүн, балдарын көрүүгө зар болуп жүргөн мигранттар да сыртка чыкмак эмес. Ар бир наристе өз ата-энеси менен жашап, тарбия көрүп, мектепке барып, сапаттуу билим (мектептердеги мугалимдердин айлык акысынын аздыгынан жана окуу куралдарынын жетишсиздигинен сапаттуу билим да жок болуп жатат) алмак беле... “Мекен үй-бүлөдөн башталат” демекчи, качан үй-бүлөлөр бирге, тынч жашаса өлкөбүздө да өнүгүү, тынчтык болмок.
Ар бир наристенин эң жакшы көргөн майрамы Жаңы жыл эмеспи. Менин кыялым - жок дегенде ошол Жаңы жылды ар бир наристе өз үй-бүлөсү менен, ар түрдүү даамдуу тамактарга толгон дасторкондун үстүндө тоссун! Дасторкондо сөзсүз торт болсун. Аны кайсы эле бала жакшы көрбөйт! Бирок дүйнөдөгү ар бир эле балага Жаңы жыл күнү торт жеш насип кыла бербейт. Жаңы жылды ашыгып күткөн бир бала үчүн ошол күнү ачка, тортсуз тосуу эң чоң трагедия!
Мурунку бийликтин тушунда, айлык акылар убагында берилбеген мезгилде мамлекет үчүн иштеген ата-энемдин айлык акысын эки ай бою бербей, мына беребиз деп жатышып, 31-декабрда да бербей, менин бир жыл бою күткөн Жаңы жыл майрамымды жокко чыгарышкан.
Кызык, ошол мезгилде өз үй-бүлөсү менен толуп, ташкан дасторкондун айланасында Жаңы жылды тоскон кээ бир бийлик башындагы инсандар, анын айынан Кыргызстандагы көптөгөн наристелер Жаңы жылды тортсуз, даамсыз, ата-энесинин чарасыздыгын көрүп, ичинен ыйлап өткөрүп жаткандыгын ойлоду бекен? Туура, чоңдор үчүн бул күлкүлүү нерсе, бирок наристелердин кыялы ошончолук таза, тунук болгон үчүн аларга ошол кичинекей торт да чоң бакыт алып келиши мүмкүн.
Ошондуктан, келгиле достор, ар бир наристе Жаңы жылды ата-энеси менен, жылуу үйдө, ар түрдүү даамдар жана албетте торт менен тосушун тилек кылалы жана бул тилекти ишке ашырууга аракет жасайлы. Эгерде биз ар бирибиз Жаңы жыл күнү торт алууга күчү жетпеген бир үй-бүлөнүн баласына, же ошол күнү базарга Жаңы жыл үчүн азык-түлүк алууга барганда тилемчилик кылып отурган балага торт алып берсек (ар бирибиз жок дегенде бирден), ошентип отуруп өлкөбүздөгү, дүйнөдөгү ар бир наристенин кубанычына себеп болобуз.
Менин кыялым: ар дайым дүйнөдөгү ар бир баланын жүзүндө чыныгы жылмаюу болсун жана эч качан чоңдор наристелерди өз пайдасы үчүн колдонушпасын. Мына ошондо адилеттүүлүк, демократия жана тең укуктуулук болот. Эртеңки келечек – бүгүнкү наристелер эмеспи!
Гүлкайыр Канжарбек кызы