Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Аялзаты сый-урматка татыктуу

Кыргызстан демократия жолу менен өнүгүүнү тандап алган өлкө. Ооба, биздин мамлекетте гендердик теңчиликти сактоо мыйзам менен бекитилип, башкаруу бийлигинде, парламентте айымдардын санын көбөйтүү чаралары көрүлүп, ал иш жүзүнө ашууда. Аялдар бардык тармакта жумуш жасап, эл башкарууда эркектерден кем калышпай турганын апрель революциясынын эртеси мамлекеттик башкарууну аял киши колуна алып, мыйзамдуу бийликти орноткону буга далил.  Бирок мен бүгүн аялдардын карьерадагы орду эмес, үй-бүлөдөгү орду туурасында айткым келет.



Кыргызстандын азыркы абалы, ар бир кыргызстандыктын үй-бүлөсүнүн абалына окшош. Соңку жылдары биздин атуулдар мамлекеттеги абал, мыйзамдарды сактоодо жоопкерчилиги жок болгондой эле, үй-бүлөгө да кош көңүл мамиле жасоодо. Канча кыз-келиндер бир күндө ала качуу жолу менен турмуш жолуна аттанып, кайын-журт, жолдошу тарабынан укуктары тебеленип, күйөөсү же анын туугандары тарабынан ур-токмокко алынып, бир аз күндөн кийин тирүүнүн жесирине айланууда.



Канчалаган келиндер күйөөсүн көр тириликтин айынан Орусия же Казакстанга узатып, телефонуна смс аркылуу “талак” алып, ажырашууда. Андай тагдырга туш болгон кыздардын эртеңки тагдыры бүдөмүк болуп, жашоого болгон үмүтү өчүп, психологиялык жактан жабыр тарткандары бар. Турмуш курууда укуктары тебеленгени аз келгенсип, ажырашканда эч кандай укукка ээ эмес. Көпчүлүк учурда баласы болсо аны менен кошо көчөгө куулуп чыгат. Же күйөөдөн жок, же үйдөн жок болгон айрым келиндер балдарын жалгыз багат.



Менин оюмда, кыздар сый-урматка татыганда гана улуттун, адамдын баалуулуктары, асыл сапаттары бааланат. Жакшы, бекем үй-бүлө курулуп, түптүү келечекке жол ачылат.



Ар бир кордолуп, кодуланып жаткан кыз-келин, бирөөбүздүн кызыбыз, бирөөбүздүн энебиз, дагы бирөөбүздүн карындашыбыз же эжебиз деп, мамиле жасала турган күндүн келиши менин кыялым! Менин кыялым ишке аша турган күн келет, мен ага ишенем! Ал үчүн ар бир үйдө кыз балага өзгөчө мамиле жасалып, өзгөчө тарбия жасалуусу зарыл.



Бурулай Пусурманкулова

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus