Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Майыптар конвенциясын ишке ашырууда 75тей мыйзам өзгөрөт

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Майыптар конвенциясын ратификация кылгандан кийин 75тей мыйзам, кодекс жана өкмөт токтомдору өзгөртүлөт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Азаттыктагы” маегинде билдирди. 


- Жер-жерлерди кыдырганда дээрлик бардык аймактарда майып балдардын ата-энелери билим алууга шарт түзүлбөгөнүн айтып, күндүзгү реабилитациялык борборлорду курууну өтүнүштү. Ошондуктан конвенциянын алкагында биринчи иш-чаралардан кылып ушул маселени өкмөткө киргизебиз, - деди ал. 




Конвенцияны БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алып, 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы 21-сентябрда кол койгон, бирок каржы маселесинен улам ал ратификацияланбай келген. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин тармактык комитети "БУУнун Майыптар жөнүндөгү конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи окууда кабыл алды.


Талкууда конвенцияны ишке ашырыш үчүн алгачкы он жылда Кыргызстанга 6 млрд. 647 млн. сом керектелери, бул каражаттын 1 млрд. 575 млн. сому билим берүүгө, саламаттык сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга жумшалары айтылган. Ал эми 5 млрд. 72 млн. сому инфраструктураны жакшыртууга сарпталат.


Конвенция майып адамдардын укуктарын коргоого багытталган.


Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 30 миңге жакыны 18 жашка чыга элек. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus