Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сузакта окуу комплексинин жоюлушуна каршы митинг болду

Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу комплексинин жоюлушуна каршы болгон 20дан ашык айыл тургуну бүгүн мектептин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Чогулгандар колдоруна “Аким элге каршы, кетсин!”, “Комплекстин жоюлушуна каршыбыз” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушат. Алар комплекстин жоюлушуна Сузак районунун акими Эрмек Омошев кызыкчылыгы бар экенин айтып, анын кызматтан кетишин талап кылышты. Чогулгандар менен эч ким жолуккан жок.


Райондун акими Эрмек Омошев митинг тууралуу кабары жок экенин айтып, бул маселени Билим берүү жана илим министрлиги чечкенин билдирди. Буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаты Калыбек Ажыматов Сузак районунун акими менен Багыш айылдык кеңешинин төрагасынын кыйыр түрдө таасири сезилип жатканын, балдар үйүнүн карамагында бир канча гектар жер, жайыт жана сарай, токой чарбасы бар экенин, алар ушул мүлккө көз артып жатышы ыктымал экенин “Азаттыкка” билдирген.




“Кыргызстандагы интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну оптималдаштыруу жөнүндөгү” өкмөттүн токтомуна ылайык былтыр сентябрь айында Сузак районуна караштуу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйү жоюлган. Бирок анын базасында Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплекси уюштурулган. Мында азыр 300дөй окуучу жана балдар бакчасында 100дөн ашык бөбөк тарбияланат. Былтыр интернат жоюлганда 20дай наристе башка балдар үйүнө которулган. Билим берүү министрлигинин декабрь айындагы буйругу менен окуу комплекси да жоюлгандыгы тууралуу кабар тургундарды дүрбөлөңгө салган. (RsK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus