Кочкоров: майып балдарын баккан ата-энелер пенсияга да чыга алат
- Азыр 29 900 майып бала болсо, алардын 6 миңи "башка бирөөнүн кароосуна муктаж" деген корутунду менен каттоодо турат. Айлык ошолорго төлөнөт. Алар январда документ тапшырса, февралдан баштап акча ала башташат. Бул жумуштун бир түрү болгондуктан атайын 300 сом салык, 642 сом социалдык төлөм да төлөнөт. Аны бюджеттин эсебинен министрлик өзү төлөйт, ага ата-энелер чуркап, убактысын кетирбейт. Анын натыйжасында алар толук пенсия алууга мүмкүн болот.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 420 миллион сом каралган.
Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген. (КЕ)