Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Улуттук опера жана балет театрынын жетекчилигинин жоопкерчилиги каралат

Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында компьютер оюндарынын мелдеши өткөнүнө байланыштуу театр жетекчилигинин кызматтык жоопкерчилиги каралат. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бул үчүн 21-январда тартип комиссиясы түзүлөт.  


Министр Азамат Жаманкулов "Азаттыкка" театр имаратында "Dota-2" тармактык компьютер оюндарынын турнири уюштурулганын колдобой турганын айтты: 


- Интернетте эки ой болуп жатат. Бирөөлөр “бул - киберспорт, балдардын ой жүгүртүүсүнө, тез чечим кабыл алышына жардам берүүчү оюн” деп жатышат. Бирок “бул оюн балдарды окуудан, күнүмдүк болуп жаткан тарбиялык иштерден алаксытып, башка бир дүйнөгө киргизип жатат” деген экинчи тарап да бар. Аны эксперттер, билген адамдар талдап көрүшү керек го. Бирок бул - киберспорт. Спорттук иш-чара спорттук аянтчада өтүшү керек эле. Театрдын ичинде эмес. 


Өткөн жумада Бишкектеги аталган театрда "Dota-2" тармактык компьютер оюндарынын мелдеши болуп, театр сүйүүчүлөр аны социалдык тармактарда сындап чыгышкан. 


Маалымат каражаттары театр жетекчиси Болотбек Осмоновго таянып, спорттук мелдеш келишимдик негизде өткөнүн, мында мыйзам бузуу болбогонун жазган.  


"Dota 2" киберспорту - спорттун дүйнөлүк алкакта таанылып бараткан жаңы түрү. 2016-жылы Кыргызстанда Киберспорт федерациясы түзүлгөн.



2015-жылы Опера жана балет театрынын сахнасына дасторкон жайылып, жеке адамдын урматына шаан-шөкөт өткөнү, ага аткаминерлер да катышканы катуу сынга кабылган эле. (RK\SE) 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus