Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Эрдоган күрт кошуундарын Сириядан сүрүп чыгарууга убада берди

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өз өлкөсү Америка колдогон күрт кошуундарын жана "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун Сириядан сүрүп чыгараарын билдирди. Ал мындай сөзүн АКШнын аскерлери Сириядан чыгарылары жарыялангандан кийин айтты. 


"Алдыдагы айларда YPG [күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну] менен Даештин ["Ислам мамлекети" экстремисттик тобу] элементтерин Сириядан жоготууну көздөгөн операцияларга күбө болобуз", - деп билдирди 21-декабрда түрк президенти.




12-декабрда Эрдоган Түркия Сириянын түндүгүндөгү Эвфрат дарыясынын чыгыш тарабындагы күрт кошуундарына каршы жаңы операциясын баштай турганын жарыялаган. 


Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөдө ИМ тобуна каршы күрөшкө катышып келаткан сириялык күрттөр эгер Түркия аларга чабуул кое турган болсо, өз күчтөрүн түрк чек арасына жөнөтөөрүн эскертишкен. 


Эки күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Сириядан чыга турганын, "Ислам мамлекети" тобу жеңилгенин билдирген. 


Сирияда азыр АКШнын 2000дей аскери бар. Алар ИМ тобуна каршы күрөштө негизинен жергиликтүү күрт жана араб кошуундары менен кызматташып келген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus