Казакстанда "жихадчылык" боюнча айыпталгандарга өкүм чыкты
Сот ошондой эле 44 жаштагы Жумагуловдун "улут аралык кастыкты козутканы" аныкталганын билдирди. Натыйжада ал жана 48 жаштагы Омыров сегиз жылга, 52 жаштагы Абишев жети жылга эркинен ажыратылды.
Үчөө тең Алматынын тургундары. Алар былтыр ноябрь айында кармалган.
Прокурорлор бул адамдарды "тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын идеяларын жайылтуу менен "куралдуу жихад" уюштурууну көздөшкөн" деп айыптаган.
Бозгундагы казак олигархы, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов негиздеген "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын сот быйыл март айында террорчул уюмдардын катарына кошкон.
Соттолгон үч адам тең айыптарды четке кагып, өздөрүнө козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук катары мүнөздөшкөн.