Бекназаров депутаттарды Конституцияны өзгөртүүгө чакырды
Бекназаров мындай учурда Жогорку Кеңеш өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек экенин айтып, депутаттарды конституциялык реформага барууга чакырды.
- Депутаттар, көз каранды эмес экениңерди көрсөткүлөчү. Көрөлү. Бийликтин туткасы болгон элди демилге катары кол топтоого аргасыз кылбагыла. Андай болбосо жөн жатпайбыз. Элди эч ким токтото албайт, - деди ал.
Бүгүнкү жыйында сүйлөп жатып президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Баш мыйзамы өзгөртүүгө азыр муктаж эмес экенин айткан.
“Конституция 25 жыл ичинде 10 жолу өзгөртүлдү. "2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн" деп добуш берилген, бирок ага карабай, аны бузуу менен 2016-жылы дагы бир жолу өзгөртүлдү. Ошондуктан, элдин эркин сыйлоо менен 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө муктаждык жок деп эсептейм. Кеп Баш мыйзамда эмес, мыйзамдарды сыйлоодо” деген президент. (BkA)