Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Отунбаева: Парламенттик демократияга жетиш үчүн сабырдуулук керек

“Парламенттик демократияга жетиш үчүн сабырдуулук керек” деди бүгүн экс-президент Роза Отунбаева Бишкекте Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган конференцияда. Анын айтымында, парламенттик демократиянын жолу жана Жогорку Кеңештин ишмердиги боюнча талдоо жүргүзүү зарыл.


Ошондой эле Отунбаева азыркы парламенттин ишиндеги кемчиликтерди санап өтүп, фракциялар өкмөт жана коалиция үчүн жоопкерчиликти сезбей жатканын айтты. Экс-президенттин пикиринде, парламенттик оппозиция алсыз болуп, чечим кабыл алууда атаандаштык кыла албай жатат.


- Жогорку Кеңеш өлкөнүн стратегиялык багыттарын аныктоодо жигердүү иштеген жок. Акыркы кездери бир да стратегиялык документ даярдаган жок. Баардыгы президенттик аппараттан чыгып жатат, - деди ал.


Отунбаева парламенттик көзөмөл жаатында да бир катар маселелер бар экенин, бул функция өкмөттү кетирүү жана кадрдык өзгөртүүлөр менен гана чектелип жатканын белгиледи.


Мындан тышкары, ал өкмөттүн курсун оңдоо, мыйзамдарды кабыл алуу жана өзгөртүү жаатында иш чабал болуп жатканын, депутаттык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен таанышуу мүмкүн эмес экенин, андай документтер парламенттин расмий сайтында ачык болушу зарыл экенин кошумчалады.


Экс-президент белгилегендей, парламентаризм боюнча лекциялар окулуп, илимпоздор изилдөө жүргүзүшү керек.


Жыйын бүгүн 21-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.


1938-жылдын 24-июнунда республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органына – Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо алгачкы жолу өткөн. Ага 284 депутат шайланган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өткөн. (BkA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus