Өкмөт "Унаа" деген ишкана түздү
21-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы ишкана боюнча кеңешме өткөрүп, машинелерди жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге, коррупцияга байланыштуу коомчулуктан нааразы пикирлер көп болуп жатканын айтты. «Узун кезектер, документтерди өз убагында бербөө жана бюрократия жарандар үчүн ыңгайсыздык жаратууда" деди өкмөт башчысы.
Жаңы мекемеге кызматкерлер ачык сынактын негизинде тандалып алынары маалым болду.
Учурда айдоочулук күбөлүк Мамлекеттик каттоо кызматында берилет.