Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жээнбеков: Курултай өткөрүү тартиби мыйзам менен аныкталышы керек

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен жөнгө салынышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып айтты:


- Курултай деген өзү, мааниси боюнча - бүгүнкү Жогорку Кеңеш. Ошол эле убакта, Конституцияга ылайык, жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Башкы мыйзамыбыздын 52-беренесине ылайык, элдик курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталышы керек. Тиешелүү мыйзам бүгүнкү күнгө чейин кабыл алына элек. Ошондуктан курултай жөнүндө мыйзам кабыл алуу зарыл.


Президент мындай мыйзамдын долбоорун даярдоо үчүн бардык кызыкчылыгы бар тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү туура болоорун айтты. Ал бул маселени терең ойлонуп, бардык механизмдерин мыйзам аркылуу тактап, олуттуу бир чечим кабыл алуу керек экенин белгиледи.


2017-жылдын апрелинде Бишкекте өздөрүн "Улуттук мекенчил күчтөр" деп атаган топ жыйынга чогулуп, “Туруктуу элдик кеңеш” уюмун түзгөн. Анын жетекчиси болуп коомдук ишмер Азимбек Бекназаров дайындалган. Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өзгөртүү, сот системасын жакшыртуу маселесин Конституцияга киргизүүгө аракет кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган.


Быйыл 24-ноябрда Бишкекте курултай өтүп, анын соңунда жаңы Конституцияны кабыл алуу, Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда камалган саясатчылардын ишин кайра кароо, Жогорку Кеңештин ишин “канааттандырарлык эмес” деп табуу, паспорттогу “улуту” деген графаны кайра жазуу боюнча сунуштар айтылган. (BkA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus