Украина: Майдандагы революциянын беш жылдыгы белгиленип жатат
2013-жылдын 21-ноябрында Украинада саясий бийликти алмаштырган ыңкылап башталган. Нааразылыкка чыккандар бийликтен Евробиримдик менен ассоциациялык макулдашууга кол коюуну талап кылышкан. Кагылыштарда 100дөн ашуун киши курман болгон. Украинанын экс-президенти Виктор Януковичке "куралсыз элди атууга тиешеси бар" деген айып тагылган. Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Янукович Орусияга качып кеткен.
2014-жылдан бери 21-ноябрь Украинада «Улуттук намыстын жана эркиндиктин күнү» катары расмий белгиленет. 2004-жылы дал ушул күнү "апарман (кызгылт сары) ыңкылап" башталган.