Тажикстанда туристтерди өлтүргөн киши өмүр бою кесилди
Бул окуя боюнча 17 кишинин үстүнөн сот иши октябрда башталган. Абдусамадов кол салгандардын ичинен жалгыз тирүү калган. Калгандары кылмышты жашырганы үчүн айыпталып жатышат. Тажикстанда азыр өлүм жазасы колдонулбайт.
Быйыл 29-июлда Дангара-Дүйшөмбү кан жолунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараланган.
Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. Бирок тажик бийлиги аны четке кагып, кол салуу үчүн азыр өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын жактоочуларын күнөөлөгөн. Бул партиянын жетекчилиги болсо тажик бийлигинин дооматтарын “уятсыз жалганчылык” деп атаган.