Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

«Жүк 200» боюнча өкмөттүк жөлөкпул 6 миллион 350 миң сомду түздү

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы 1-июндан тарта жаңы токтомго ылайык, чет жакта каза болгон 127 жарандын сөөгүн алып келүү боюнча алардын үй-бүлөлөрүнө  жардам катары 50 миң сомдон жөлөкпул берди. «Жүк 200» боюнча өкмөттүк жөлөкпулдун жалпы суммасы 6 миллион 350 миң сомду түздү.  


Бул тууралуу Миграция кызматынын маалыматтык борборунун жетекчисинин орун басары  Алмаз Алыбаев билдирди.  


Анын билдиришинче эки кайрылуу боюнча коммиссия жөлөкпул чегербөө чечимин чыгарган. Биринчисинде, каза болгон адам Орусиянын жарандыгын алганы аныкталган. Экинчисинде, жөлөкпул алууга арыз жаңы токтомдо көрсөтүлгөн  3 айлык мөөнөттө тапшырылбаган. 


Кыргыз өкмөтү  2018-жылы кабыл алынган № 236 токтомго ылайык чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүүгө 50 миң сомдон жардам бөлүп жатат. Мындай жөлөкпулду адамдын каза болгонун тастыктаган расмий маалымдама, паспорт жана тууганчылыгын аныктаган документ менен алууга болот. Мындан тышкары, жаңы токтомдун шарты боюнча чет жакта каза болгондордун жакындары үч айлык мөөнөткө жеткирбей бул төлөмгө документ тапшырышы керек. 


2011-жылы кабыл алынган токтомго ылайык чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүүгө каражат жол чыгымдарын тастыктаган документтер менен эмгек мигранттарына гана берилип келген.  (LzT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus