Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Илим Карыпбеков айдоочулардын талабын орундатты

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директору Илим Карыпбеков айдоочулардын иш таштоосу тууралуу расмий маалымат таратты. 


Ал кол алдындагылардын ишке чыгуудан баш тартканын ырастап, нааразы тарап менен жолугуп, алардын талаптарын укканын билдирди. Ошондой эле гараждын башчысы Рерих Абакиров кызматтык териштирүүгө байланыштуу иштен убактылуу четтетилгенин, нааразылыктан кийин бул чечим жокко чыгарылганын кабарлады. 


"КТРК жана ага караштуу РРТЦ түзүмдүк мекемесинин автотранспорттук гаражынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бул комиссия өз ишин аяктай элек. Комиссиянын иши ар тараптуу, калыс болушу жана тоскоолдуктар болбошу үчүн Рерих Абакировду убактылуу гараждын башкармалыгынан четтетүү тууралуу чечим кабыл алынган. Бул чечим менен макул болбогон шопурлар кызматка чыгуудан баш тартышкан. Шопурлар менен чогулуш болуп бүттү. Алардын дооматтарын угуп,  Абакировду убактылуу четтетүү жөнүндө чечим жокко чыгарылды. Гаражды текшерүүгө укук коргоо органдарын жана  Эсеп палатасынын адистерин чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Шопурлар өз ишине киришти", деп жазылган Карыпбековдун маалыматында. 


Бүгүн, 21-ноябрда эртең менен КТРКнын айдоочулары иш таштап, бул кадамды гараждын жетекчиси Рерих Абакировдун иштен алынганы менен байланыштырышкан. КТРКда жалпысынан 48 айдоочу иштейт. (NT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus