Экс-президент Алмазбек Атамбаев акыркы маегинде Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго дагы токтолду. Ал “Райым миллион” каймана аты бар бажычыны “капчыкка” салыштырып, президент Сооронбай Жээнбеков аны калкалап жатканын белгиледи.