Кыргызстанда жарандардын жашоо узактыгы 71 жыл
Өмүрбековнын айтымында, өлкөдө акыркы он жылда ымыркайлардын жана балдардын өлүмү 40% жакын кыскарган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
20-ноябрь дүйнөлүк балдар күнүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова "Биринчи Демден" аттуу улуттук кампаниясынын башталганы боюнча иш-чарага катышкан. Анда Өмүрбекова кыргыз өкмөтү 2018-2028-жылдарга үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча программасы иштеп жатканын, ал үй-бүлө институтун бекемдөөгө, балдардын укугун камсыз кылууга багытталганын белгиледи.
Балдар күнү дүйнө жүзүндө 20-ноябрда белгиленет. 1989-жылы ушул күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан балдардын укуктары жөнүндөгү конвенция кабыл алынган. (TSh)