Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Матраимов: Райымбек иним коррупцияга аралашкан эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иниси Райымбек Матраимов жөнүндө айтканына комментарий берди. 


- Мен ушул убакка чейин экс-президент жөнүндө бир ооз да жаман сөз айткан эмесмин, айткым да келген эмес. Менимче, бул кишини бирөө жарым окутуп, мээсине “Райым” деген атты куюп койгон окшойт. Бир айтты, эки айтты, эми пластинкасы чайналып калган немеге окшоп, кайра-кайра кайталай берүү туурабы? “Өч алып жатат, минтип жатат” деген президент болгон кишинин деңгээлиби? Бул анын өзүнө аброй алып келбейт деп ойлойм. Райымды иштен алууда бажыдагы киреше түшүп кетти деп жөн эле шылтоо кылып коюшкан. Болбосо Атамбаевдин мурдагы аялынын кызы менен Райымдын кайнежеси машине кое турган жер талашып кетишет. Кызы барып “мени Райымдын туугандары ушинтип жатат” деп арызданганда, Атамбаев жинденип “Райымды иштен алгыла” деп айткан. Бирок албетте артында саясат да болгон. Негизи Райымбек бажы тармагында эч кандай коррупцияга аралашкан эмес. Эгер аралашкан болсо мурда эле аныктап алышмак. 


Искендер Матраимов ошондой эле анын иниси президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын каржылабаганын, бул жөн гана жалаа экенин кошумчалады.




“Азаттыктын” Райымбек Матраимовдун өзү менен байланышуу аракетинен да майнап чыккан жок. Бирок ал буга чейинки массалык маалымат каражаттары менен болгон маектеринде “Алмазбек Атамбаевдин жана анын ишенимдүү адамы делген Икрамжан Илмияновдун жардамы менен кызматка келгенин” айткан жайы бар.


Алмазбек Атамбаев экс-премьер-министр Сапар Исаков менен Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун камалышын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырган. ​


Коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Буйрукта "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен алынды" деп жазылган. Бул беренеде “Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар алардын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда иштен бошотулат” деп жазылган.


Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында камакка алынган. (ErN/TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus