Трамп: АКШнын БУУдагы жаңы элчиси жакында дайындалат
Бул тууралуу АКШ президенти 20-октябрда Невададагы сапары маалында билдирди. Ал ошондой эле буга чейин бул кызматка каралып жаткан беш адам менен маектешкенин кошумчалады. Трамптын айтымында, беш талапкердин үчөө аял.
АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли кызматын жыл аягында тапшырарын Трамп 9-октябрда күтүүсүздөн жарыялаган. Анын себеби айтылган эмес.
Түштүк Каролина штатынын мурдагы губернатору, индиялык иммигранттардын кызы, 46 жаштагы Никки Хейли 2020-жылы өтчү президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин бири катары да каралып жаткан. Бирок ал мындай сөздөрдү 9-октябрда Трамп менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында төгүндөгөн.