Москвадан 200дөй кыргызстандык Бишкекке уча албай калышты
Бул тууралуу кыргызстандык Алманбет Алибек уулу кабарлады.
Анын айтымында, жүргүнчүлөр аэропорттун тегерегиндеги мейманканага убактылуу жайгаштырылышты. Бирок, компаниянын өкүлдөрү учак качан Кыргызстанга кетерин кабарлашпастан, билет акыларын кайтарып берүүнү сунуштап жатат.
Кыргызстанга кете албай жаткан мигранттардын арасында жаш балалуу аялдар, кары-картаңдар бар. Алар кайтарылган акчага кайрадан авиабилет сатып ала алышпастыгын айтышууда.
Москвадагы кыргыз элчилиги бул жарандардардын маселеси тууралуу кабар алган. Авиакомпаниянын өкүлдөрү учак Кыргызстанга 14-октябрда учаарын билдиришкен. Убактысы азырынча белгисиз. (LzT)