Ошто балбан Акжол Махмудовду Ош Эл Аралык аэропортунан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спортчунун жакындары жана шаар жаштары салтанат менен тосуп алышты. Акжол Махмудов 19 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж). 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды.