Индия Пакистан менен сүйлөшүүдөн баш тартты
"Биздин коопсуздук кызматкерлерибиздин Пакистандагы топ тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлүшү жана 20 почта маркасын басып чыгарып, терроризмди урматташы Пакистан ошол жолоюнан кайтпасын ырастайт", – деди Индиянын тышкы иштер министринин расмий өкүлү Равеш Кумар.
Аз күн мурда Пакистан 2016-жылы индиялыктардын колунан ажал тапкан «Хизбул Мужахидин» тобунун командири Бурхан Ванинин урматына 20 почта маркасын чыгарган. Кумар ушуну айтып жатат.
Министрлердин жолушуусун Нью-Йоркто өткөрүү сунушу менен Пакистандын жаңы премьер-министри Имран Хан индиялык кесиптеши Нарендра Модиге кайрылган. Бул кадамын ал "көп жылдык туңгуюктан чыгуу аргасы" деп баалаган.
Индия менен Пакистан Кашмирди талашып 1947-жылдан бери жаңжалдашып келет.