Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Талас: Депутаттар мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө Куран кармабаганын айтышты

Таласта депутаттар мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн Куран кармабаганын айтууда. «Кыргызстан» фракциясынын лидери Адылбек Жусупбеков мэрди кызматтан кетирүү тууралуу сүйлөшүүгө депутаттар өткөн аптада чогулганын, бирок Куран кармабагандардын бүгүн "Азаттыкка" билдирди:


- Депутаттар үч-төрт күн мурун "19 кишини чогултуп алып Куран карматып, сессия уюштурганга даярданышкан экен" деген маалыматты мен «Азаттыкка» чыккан макаладан окудум. Туура, биз 20 депутат чогулганбыз. Куран кармоо тууралуу сөз да болгон эмес. 100% кепилдик бере алам. Бул сөз кайдан чыкканына депутаттар таң калып жатабыз. 50дөн ашып калган кишинин калп айтканы абдан туура эмес деп ойлойм. Айдар Жапарович өзү деле үч ай мурун умрага барып келди эле. Дин жөнүндө маалымат алып келген деп ойлогом.


Ал эми Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков депутаттар мурунку шайлоолордо да Куран кармап сессияга кирген учурлар болгонун, кырдаал бул жолу да кайталанганын айтууда:


- "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, ич арасында сөздөр болгон. Мага деле жетип атат ал сөздөр. "Куран кармайбыз, анан сессияга киребиз" дешкен. Мурунку мэр Анарбек Канатовичти шайлоодо да Куран кармашкан экен. Бири-бирине сөз берип, сессияга барабыз деп айткандарын уккам. Мен жөнү жок ойлоп чыгарган жокмун да. 


Калаа башчы Айдар Жузупбековду «чарбакер» эмес деп эсептеген Талас шаардык кеңешинин депутаттары соцтармактар аркылуу элдин пикирин топтоп жатышкан. Мэр өз кезегинде депутаттардын ишин негизсиз деп сыпаттап, аларга анын кызматы керек болуп жатканын айткан эле.


Кыргызстан эгемен, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналары баш мыйзамда жазылган. (AlS)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus