АКШ орус жарандары менен ишканаларына санкция салды
АКШнын Каржы департаменти санкциялардын тизмесине орус жарандары Марина Царева менен Антон Нагибинди, орусиялык "Vela-Marine", словакиялык "Lacno" компанияларын киргизди.
Бул жарандар менен компаниялар АКШнын аймагында киберчабуулдарга тиешеси бар деп айыпталган «Дайвтехносервис» ишканасы менен байланышта экени белгиленет.
21-августа Кошмо Штаттар “кара тизмеге” Приморск крайында катталган деңизде жүк ташуучу «Гудзон Шиппинг» ишканасын жана Санкт-Петербугдагы «Партизан» кемесин, ага кошуп дагы беш кемени киргизген. Алар Түндүк Кореяга каршы киргизилген "санкциялык режимди бузган" деп табылды.
Каржы департаменти Британияда Скрипалдардын ууландырылышына байланыштуу Орусияга кошумча санкцияларды 22-августта киргизерин жарыялаган.
АКШ Сенатынын эки комитетинде Москвага каршы экономикалык чектөөлөрдү күчөтүү жөнүндө талкуу өтөт.