Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте 50дөй окуучу кыз диний сабаттуулук боюнча сабак алды

Бишкек шаарындагы “Хисса бинт Зайд” аялдар өнүктүрүү борбору уюштурган “Кыз Бурак” чыгармачыл кыздар жайкы лагери өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун өкүлү Жазгүл Өмүрзакова билдирди.


Анын айтымында, бир ай бою иш жүргүзгөн лагерде Бишкек шаарынан жана аймактардан чогулган 50дөн ашык окуучу кыз диний сабаттуулук, анын ичинде куран жана араби тили боюнча сабак алышты. Алар ошондой эле 30 күн бою кол өнөрчүлүк, кулинария, чечендик өнөр, поэзия, сүрөт тартуу, аквагрим жана стол тенниси менен да алек болушту. Кыздарды диний аалымдар, дин жаатындагы жана башка тийиштүү тармактардагы адистер окутту. Бүтүрүүчүлөр соңунда атайын сертификаттарга ээ болушту.


Кыздардын баары ата-энелеринин уруксаты менен лагерге келишкен. Жатаканада жатып окугандар бир айга 6 миң сом, ал эми келип кетүүчүлөр 3 миң сом акы төлөшкөн.


“Хисса бинт Зайд” борбору бул жайкы лагерди былтыр да уюштурган эле. Мекеме эми аны жыл сайын улантууну көздөп жатат.


Кыргызстанда экстремисттик уюмдарга аялдардын тартылышы да көбөйгөнү айтылып келет. Буга байланыштуу мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар кыз-келиндердин диний сабаттуулугун өркүндөтүү боюнча иш-аракеттерди жанданткан. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus