Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Олег Сенцов орус түрмөсүндө ачкачылык кармаганына 100 күн болду

Орусия каратып алган Крымдагы террорчулук тууралуу иш боюнча айыпталып, 20 жылга абакка кесилген украин режиссеру Олег Сенцов 100 күн мурун мөөнөтсүз ачкачылык баштаган. Ал орус түрмөлөрүндөгү украиналык саясий туткундарды бошотууну талап кылып жатат.


Бүгүн Орусиянын бир нече шаарларында, Украинада жана бир катар өлкөлөрдө Сенцовго тилектештик билдирген акциялар өтөт. Чех киноматографисттери Сенцовго колдоо көрсөтүш үчүн «чынжырлашкан» ачкачылык башталганын жарыялашты.


Сенцовдун энесинин уулуна ырайым берүүнү суранып президент Владимир Путинге жиберген өтүнүчүн 14-августта Кремль четке какты. Президенттин администрациясы Сенцов өзү Путинге ырайым сурап кайрылмайынча, өтүнүч каралбай турганын айтып жооп кайтарган. 


Режиссердун Москвада жашаган бөлөсү Наталья Каплан 8-августта "Фейсбуктагы" баракчасына Сенцов түрмөдөн адвокаты аркылуу кат берип жибергенин, анда “абалым өтө начар” деп жазганын чыгарган.


Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын Ямало-Ненецк автоном округу боюнча башкармалыгы Сенцовдун абалын “канааттандырарлык” деп баалап, “анын негизги органдарынын иштөөсүнө көмөктөшө турган дарылоо” жүрүп жатканын билдирди.


Сенцов 14-майдан бери Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө ачкачылык кармап отурат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus