Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте милиция кызматкери бычакталды

Шектүүлөрдү кармоо учурунда Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкери бычакталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” баш калаанын милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.


Анын айтымында, Бишкекке караштуу Көк-Жар конушунун тургуну анын үйүн белгисиз адамдар бир нече күн бою аңдып жүрүшкөнүн айтып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери даттануучунун үйүнө барып, ошол тегеректе жүргөн 28 жаштагы Өзбекстандын жаранын колго түшүрүшкөн. Анын автоунаасын кароо учурунда тапанча жана бычак табылган.


Андан кийинки ыкчам издөө аракеттеринин натыйжасында анын шериктери, 26, 31 жана 40 жаштардагы кыргызстандык үч шектүү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кармалган. Кармоо учурунда алар каршылык көрсөтүп, Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жарадар болгон. Шектүүлөрдүн автоунаасынан медициналык беткаптар, колкаптар, ок жана бычактар алынган.


Милиция кызматкеринин сол колуна бычактын мизи бир нече жолу тийген. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы оор эмес.


Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-168-беренеси (“Кол салууга даярдануу”), 341-беренеси ("Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү") жана 241-беренеси (“Мыйзамсыз ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоо”) менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.


Милиция билдиргендей, шектүүлөрдүн биринин ата-энеси кармоо учурунда анын баласын милиция сабап салганын айтып арыз жазган. Бул арыз боюнча кызматтык иликтөө башталды. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus