Экс-президент Атамбаев Курман айтта “Ата-Бейитке” барды
Намаздан кийин мурдагы мамлекет башчысы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, 2010-жылы апрель окуясында курман болгондорду эскерүү, аларга багыштап куран окуу иш-чараларына катышты.
Экс-президент ошондой эле апрель окуясында жакындарын жоготкондор менен жолугуп, алардын арыз-муңун укту.
Алмазбек Атамбаев 15-июнда Орозо айт күнүнө карата “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып кайткан. (ErN)