Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кабулда бир нече жардыруу болду

21-августта ооган баш калаасынын чет элдик өкүлчүлүктөр жайгашкан районунда бир нече жолу жардыруунун үнү угулду. Жабыркангандар тууралуу дароо маалымат айтылган жок.    


Шаардын сыртынан ракеталар атылып, президенттик сарайдын, элчиликтер турган комплекстин жана өкмөттүк имараттардын жанынан жардыруулардын үнү угулганын “Reuters” агенттигине атын жашырган коопсуздук кызматынын өкүлү билдирди.


Президент Ашраф Гани Курман айт майрамында элге сүйлөп жаткан учурда ракетанын жарылганы угулду. Гани сөзүн бөлүп, “эгер ракета менен оогандыктарды тизелетебиз деп ойлошсо, алар жаңылышат” деп айтты. “Зордук-зомбулук көрсөтүүнү уланткан топтор ракета менен Ооганстандын өнүгүшүн токтот албайт” деп сөзүн улады ооган президенти.


Полициянын билдиргенине караганда, биринчи ракета президенттин сарайына чукул, экинчиси НАТОнун өкүлчүлүгү жана АКШ элчилиги турган жерге түшкөн. Эч ким жабыркаган жок.


Расмий органдар Кабулга 12 ракета түшкөнүн билдирди.


Ооган лидери эки күн мурун эле “Талибан” кыймылына Курман айтка карата “шарттуу түрдө ок атышууну токтотууну” сунуш кылган. Талибдер макул болсо 20-августта башталган ок атышпоо режими үч айга созулмак.


"Талибан” кыймылынын жогорку даражалуу эки командиринин айтканына караганда, согушкерлер үч айлык ок атышпоо тууралуу сунушту четке какты жана өкмөткө, анын чет элдик өнөктөшөрүнө каршы чабуулду уланта берет.


20-августта өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясында автобуста бараткан 150дөй кишини талибдер барымтага алган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus