Трамп Орусияга киргизилген санкцияларды жоюуну караштыра элек
"Бизде бири-бирибизге пайдалуу иш кыла турган толтура тармактар бар. Сирия жана Украина маселеси бар", - деди президент Трамп 20-августта жарыяланган интервьюда.
Трамп ошондой эле орус президенти Владимир Путин өткөн айда Хелсинкидеги саммитте АКШдан санкцияларды алып салууну өтүнбөгөнүн кошумчалады. Бирок анын айтымында, дээрлик эки саатка созулган сүйлөшүүдө Крымдын аннексиясы, Чыгыш Украинадагы жаңжал, Орусиядан Германияга газ жеткире турган "Түндүк агым - 2" долбоору сыяктуу маселелер талкууланган.
АКШ Крым жарым аралынын аннексиясынан кийин алгач Орусияга 2014-жылы санкция киргизген. Москванын АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодогу болжолдуу ролуна байланыштуу АКШнын санкциялары мурдагыдан да кеңейтилген.
8-августта АКШ Британияда мурдагы орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизерин жарыялаган. Орусия Вашингтондун бул аракетине "мыйзамсыз" деп баа берген. Премьер-министр Дмитрий Медведев АКШнын Орусияга каршы санкцияларын кеңейтүү аракетин "экономикалык согушка" салыштырган.