Чехиялык киночулар Сенцовду колдоп акция баштайт
Чех киночулар буга чейин өлкө парламентине кайрылып, Сенцовду колдогон чечим кабыл алып, орус бийлигине каршы кайрылуу жиберүүнү суранышкан.
20 жылга эркинен ажыратылган Сенцов 14-майдан бери ачкачылык кармап жатат. Украиналык кинорежиссер 2014-жылы май айында Крымда кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга эркинен ажыраткан.