Эки Кореянын саммитине даярдык көрүлүүдө
Дүйшөмбү күнү эки өлкөнүн делегациялары чек арадагы демилитаризация аймагында жолугуп, саммитке даярдыкты талкуулашты. Түштүк Кореянын делегациясын Эки Кореяны бириктирүү иштери боюнча министр Чо Мён Гюн жетектеп келсе, түндүк кореялыктарды анын кызматташы Ри Сон Гвон баштап барды.
Сеулдагы айрым басылмалар да өз булактарына таянып, эки Кореянын лидерлеринин саммитти сентябрда өтүшү мүмкүн экенин жазышты. Бирок азырынча ал жолугушууда талкуулана турган маселелер ачык айтыла элек.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин биринчи жолу быйыл апрель айында Панмунжом кыштагында жолугушуп, кийинки саммитти Пхеньянда өткөрүүнү болжошкон.